14:07, 04 сентября 2023, 24.kg

Дордойдогу соодагерлер салыктын көбөйүшүнө нааразы болуп, митингге чыгышты

Дордой базарынын соодагерлери Мамлекеттик салык кызматына каршы митингге чыгышты. Алар нааразычылык акциясынын видеосун 24.kg агенттигине жөнөтүштү.

Митингтин катышуучулары контейнерлерин жаап, салыктын көбөйүшүнүн себебин түшүндүрбөсө, жумушка чыкпайбыз деп билдиришти. Алардын айтымында, салык кызматкерлери кампаларды жаап, товардын баасынын 10 пайызын төлөөнү талап кылып жатышат, бирок соодагерлерде андай акча жок.

«Биз салыктардын көтөрүлүп жатканына нааразыбыз. Мындай шарттарда иштөөнүн эч кандай мааниси жок», — дейт алар.

24.kg агенттигинин өздүк булактарынан маалым болгондой, маселе «Жунхай» базарында чыккан. Бүгүнкү күндө 100дөй кампа жабылып турат, анткени ээлери салык төлөшкөн эмес.

«Өткөн жумада салык кызматкерлери базарда рейд жүргүзүшкөн. Салык төлөө боюнча мыйзамдын сакталышы текшерилди. Ошондо кампалар жабылып, мөөр басылган. Кийинчирек ишкерлердин бир бөлүгү салыктарын төлөшкөн. Алардын кампалары ачылды. Убада берип, бирок төлөбөгөндөрдүкү жабык бойдон турат», — деди ал.

Мамлекеттик салык кызматы жаралган жагдай боюнча кийинчирек комментарий берүүнү убада кылды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18