10:49, 04 сентября 2023, 24.kg

«Салык чек» лотереясынын катышуучулары байгесин дагы эле алыша элек

«Чек талап кылып, байге утуп ал» лотереясынын катышуучулары дагы эле утуштарын алыша элек. Бул тууралуу Facebook баракчасына Бишкек шаардын кеңештин депутаты Жаныбек Асанбеков жазды.

Депутат өзү айфон утуп алган.

«Урматтуу Мамлекеттик салык кызматы, сиздер эмне iPhone-15тин чыккандан кийин гана iPhone-14тү бересиздерди. Мен сиздердин байгеге муктаж эмесмин. Бирок көптөгөн кыргызстандыктар үмүт менен лотереяга катышат. Байге утуп алгандан бери үч ай өттү. Мен чекти талап кылууну улантам. Бирок, байге утуп алсам дагы аны аларымдан күмөн санайм», — дейт Жаныбек Асанбеков.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18