17:04, 01 сентября 2023, 24.kg

Бишкек: Жаңы автобустар эки күн бекер иштейт, үч жаңы каттам ачылды

Бишкекте 31-августта мэрия Кытайдан сатып келген жаңы автобустар жолго чыгып, алар Эгемендик жана Билим күндөрүнө карата эки күн бою жүргүнчүлөрдү бекер ташымай болуп жатканын шаар башкармалыгы билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, № 15 (Ак-Ордо — Калыс-Ордо), № 51 (7-апрель — Манас проспекти (айланма)) жана № 52 (12-кичи район — Көлмө) деген үч жаңы каттам ачылды, ошондой эле маршруттук кичи автобустар тейлеп келген № 100, № 105, № 152, № 195, № 212 деген каттамдарга да жаңы автобустар коюлду.

Бишкекте коомдук транспорт маселеси курч социалдык көйгөйлөрдүн бири. Автобус жана троллейбус жетишсиз болгондуктан жүргүнчүлөрдү негизинен жеке ишканаларга таандык маршруттук кичи автобустар тейлейт. Алар экологияны бузуп, жол коопсуздугуна коркунуч жаратып жатканы, шаарда муниципалдык автобустар көбүрөөк болушу керектиги көптөн бери айтылып келет.

Жакында борбор калаага Кытайдын сатып алынуучу 1000 автобустун алгачкы 25и келген. Газ менен жүрүүчү бул автобустардын 500ү быйыл, калганы 500ү келерки жылы ташылып келери айтылган.

Бишкекте муниципалдык автобус айдаганга 1500 айдоочу керек болуп жатканын, алардын айлык маянасы 50 миң со

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18