16:39, 01 сентября 2023, 24.kg

Ош облусунда 275 орундуу мектеп ачылды

Ош облусунда 275 орундуу мектеп ачылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында мектептин ачылышына катышып, 150 миңден ашуун жаш жеткинчектер биринчи ирет мектеп босогосун аттап жатканын билдирди.

«Бул тармактын маанилүүлүгүн эске алып бюджетин жыл сайын көбөйтүп берүүдөбүз. Билим берүү тармагын каржылоо 2023-жылы 60,9 миллиард сомду түздү. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 23 миллиард сомго көп. Мындан тышкары, чыгаша статьяларынын эсебинен билим берүү тармагына республикалык бюджеттен социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө дагы каражаттар бөлүнүп келүүдө. Биз быйыл 204 мектептин курулушун баштасак, анын 100зү быйыл жылдын аягына чейин бүтөт. Биринчи сентябрга карата биз 36 мектепти бүтүрдүк», — деди ал.

Эки кабаттуу мектептин курулушуна 90 миллион сом жумшалган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18