11:25, 01 сентября 2023, 24.kg

Tik Tok Маданият министрлигине кат жолдоду

Tik Tok сциалдык тармагынын жетекчилиги Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине тиркеменин Кыргызстанда жабылышына байланыштуу кат жөнөттү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Интернет саясатынын жарандык демилгеси» коомдук фондунун башчысы Татту Мамбеталиева билдирди.

Анын айтымында, тиркемеге өзүнүн иши боюнча эч кандай нааразычылык түшкөн эмес. Тармактын өкүлдөрү кыргызстандын бийлиги менен өз ишине карата дооматтарды талкуулоого даяр. Кыргызстандан буга чейин эч кандай даттануу түшпөгөнүнө байланыштуу, Tik Tok эки тараптуу сүйлөшүүнү каалайт.

«Кат Маданият министрлигине 30-августта эле, мекеме тиркемени жабуу ниетин билдиргенден кийин эле келген. Ага азырынча жооп жок», — деди Татту Мамбеталиева.

Буга чейин Маданият министрлиги кайрылууларды жана жүргүзүлгөн мониторингти эске алып, Кыргызстанда Tik Tok социалдык тармагын жабуу чечимин кабыл алган. Мыйзам чегинде андан ары ишке ашыруу үчүн чечим Санариптик өнуктүрүү министрлигине жиберилген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18