09:54, 01 сентября 2023, 24.kg

Камчыбек Ташиев башаламандыкка катышкандар жазаланарын билдирди

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусундагы «Төлөйкөн» ипподромундагы башаламандыкка байланыштуу кайрылуу жасады. Ал окуяга тиешеси барлар жана чагымчылдар жазаланарын билдирди.

Анын айтымында, «Достук» (Ош) жана «Ынтымак» (Талас) командаларынын ортосундагы оюнду кээ бирөөлөр чырга айландырып жиберишкен.

«Адамдар чагымчылдардын аракеттерине берилип, эмоцияга алдырышып тополоң кылууга аракет кылышты. Бирок биз, кыргыздар ынтымактуу болуп, өлкөдөгү тынчтыкты сактоого милдеттүүбүз. Бул деген спорт, бул деген оюн. Бирөө утулат, бирөө утат. Жеңилгендер ачууга алдырбашы керек. Укук коргоо жана коопсуздук органдарына тапшырма бердим. Ошол жерде тартылган видеоло топтолуп, текшерилип, ар бирине мыйзам чегинде чара көрүлөт. Бул жөн эле калып кетпейт», — деп айтты Камчыбек Ташиев.

Ал кыргызстандыктарды региондорго бөлүнбөөгө чакырды.

«Биз бөлүнүп, сен оштуксуң, таластыксың дебеш керек. Ынтымагыбызды бузганга аракет кылгандарды жазалайбыз. Ал чагымчылдарга кошулбагыла. Азыр милиция бөлүмүнө катышуучуларды алып келе башташты. Ким мыйзамды бузса, жоопкерчиликке тартылат», — деди УКМКнын төрагасы.

Эске салсак, Ош облусундагы «Төлөйкөн» ипподромундагы көк бөрү боюнча президенттик Кубоктун финалында «Достук» жана «Ынтымак» командаларыны оюну башаламандык менен аяктады. Жыйынтыгында 100дөй адам жабыркады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18