14:05, 30 августа 2023, 24.kg

Кыргызстанда Tik Tok жабылат

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги  «Tik Tok» платформасынын ишин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
 
Маалыматка караганда,  Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин дарегине бир катар бейөкмөт уюмдардын «Tik Tok» социалдык тармагынын балдардын психикалык өнүгүүсүнө жана ден-соолугуна тийгизген терс жана зыяндуу таасирине байланыштуу тынчсызданган кайрылуулар болгон. 
 
Мекеменин билдирүүсүндө, «Tik Tok»  балдардын ден-соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматты чектөөлөр жана ошондой эле курактык категорияны контролдоо функциялары киргизилбей жаткандыгы аныкталган.
 
Санариптик өнүктүрүү министрлиги эми социалдык тармактын ишин токтотуу боюнча чараларды көрөт. 

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18