10:49, 30 августа 2023, 24.kg

Ат-Башыда 100 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

Ат-Башы районундагы Кара-Булуң айылында 100 орундуу бала бакча ачылды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бала бакча президент Садыр Жапаровдун түздөн-түз тапшырмасы менен курулду. Себеби, 2021-жылы июнда өлкө башчысы менен жолугушууда аталган айылдын тургундары бала бакча куруп берүү өтүнүчүн билдиришкен.

Президент элдин көйгөйүн угуп, тез арада бала бакча куруп берүү тапшырмасын берген. Көп өтпөй Кара-Булуң айылынан 5,5 миң чарчы метр жер аянты жана 42 млн 415 миң 400 сом бөлүнүп, курулуш иштери башталган.

Ошентип, эки жылга жетпеген убакытта жогорку сапаттагы бардык шарты бар заманбап бала бакчанын имараты курулуп бүттү.

Ачылыш аземине катышкан президенттин өкүлү Алтынбек Эргешов ачылган имарат акжолтой болуп, билимдүү, акылдуу балдар чыгуусун тилек кылды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18