09:40, 30 августа 2023, 24.kg

Пригожиндин сөөгү Санкт-Петербургда жерге берилди

«Вагнер» аскердик менчик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин сөөгү 29-августта Санкт-Петербургдун Порохов көрүстөнүн коюлду. Бул тууралуу ишкердин маалымат кызматы билдирди. Кабарга караганда, маркум менен коштошуу жабык өттү.

Көрүстөндүн администрациясы MSK1 Телеграм-каналына билдиришкендей, ишкерди Москва убактысы менен саат 16да жерге беришти.

«РИА Новости» агенттигинин булактары коштошууну жабык өткөрүүнү Пригожиндин туугандары каалаганын айтышты. Зыйнатка маркумдун үй-бүлөсүнөн тышкары жакын достору гана катышты.

«Вагнердин» негиздөөчүсү жана дагы 9 киши отурган учак 23-августта Тверь облусунда кулап түшкөн.

Москванын Украинадагы согушуна жалданма жоочуларды тарткан Пригожиндин эки ай мурда болгон Кремлге каршы козголоңун эске алганда, ал атайылап эле жок кылынган болушу мүмкүн деген версиялар айтылып, Кремль муну четке каккан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18