09:33, 30 августа 2023, 24.kg

Өмүрбек Бакиров добуш сатып алууга айыпталып жатат

Мурунку депутат Өмүрбек Бакиров Ош облустук ИИБден сурактан чыкканын 24.kg агенттигине кабарлады.

Анын айтымында, милиция парламенттик шайлоодо добуштарды сатып алуу боюнча кылмыш ишин козгоду.

«Сурак төрт саат болду. Мен ачыкка чыгарбоо тууралуу кол коюп бердим, бирок бул жерде эч кандай сыр жок. Мени добуш сатып алуу фактысы боюнча айыптап жатышат. Мен айыпталуучу катары сурак бердим», — деп айтты ал.

Буга чейин БШК Өмүрбек Бакировду депутаттык мандантынан ажыраткан. Ал эми 18-августта Жогорку сот Бакиров шайланган Көк-Жар аймагы боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечимди күчүндө калтырган. 29-августта аны Ош ИИБне суракка алып кетишкен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18