09:19, 29 августа 2023, 24.kg

Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан электр энергиясын жеткирүү боюнча макулдашты

25-26-август күндөрү Астанада Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын энергетика жана суу чарба мекемелеринин өкүлдөрү жолукту. Бул тууралуу Казакстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар алдыдагы күз-кыш мезгилинде электр энергиясын жеткирүү маселесин талкуулап, анын көлөмү жана жеткирүү шарттары боюнча бир катар өз ара пайдалуу макулдашууларга жетишти.

Мындан тышкары үч өлкөнүн өкүлдөрү электр энергиясын саатына эсептөө механизмин киргизүү ыктымалдыгын иштеп чыгуу, чарба жүргүзүүчү субъектилердин ортосундагы пландан тышкаркы суу агымдарын көзөмөлдөө келишимдерин түзүү жана пландан тышкаркы суу агымдарын көзөмөлдөө тууралуу азыркы келишимдеги шарттарды кайрадан карап чыгуу боюнча макулдашты.

Казакстандын Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, жолугушуунун алкагында ошондой эле гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде «Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу, суу жана энергетикалык ресурстар тармагындагы байланыштарды бекемдөө маселелери талкууланды.

Тараптардын кийинки жолугушуусу 2023-жылы ноябрда Бишкекте өтөрү айтылды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18