17:45, 28 августа 2023, 24.kg

Тажикстанда селден 13 адам каза болду

Тажикстанда нөшөрлөгөн жаандан жана селден 13 адам каза болду. Табигый кырсыктан Вахдат шаарында 11 адам, Рудаки районунда 2 адам өлгөнүн «Ховар» улуттук маалымат агенттиги билдирди.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жаратылыш кырсыгынан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтты. Рахмон өлкөнүн премьер-министрине Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитетине, башка тиешелүү түзүмдөр менен органдарга табигый кырсыктын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүүнү, табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүүнү тапшырды.

Душанбе шаарында кечээки нөшөрлөгөн жаандан улам электр жарыгы бир нече саатка үзгүлтүккө учурады.

Катуу жааган жамгыр, жер көчкү жана таш кулоодон улам Душанбе менен Хоженттин ортосундагы IRS компаниясы тейлеген жол зыянга учурады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18