16:23, 28 августа 2023, 24.kg

Эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү кармалды

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, 27, 28 жана 20 жаштагы үч жаран кармалып, тинтүү учурунда 4,7 килограммдан ашык мефедроне психотроптук заты табылган.

Кармалган 20 жаштагы жаран баңгизатты таңгактап жана мессенджерлер аркылуу сатып, өлкөнүн бардык аймактарына жөнөтүп жүргөн. Ошондой эле, көп убакыттан бери Россиянын Волгоград шаарында баңгизатты белгилүү бир дарекке таштап кетип жүргөн. Ал эми башка эки шектүү материалдык пайда алуу максатында узак убакыт бою баңгизаттардын ири партияларын чектеш өлкөлөргө ташып, эл аралык жөнөтүү менен активдүү алектенип келишкен.

Алардын психотроптук затты мыйзамсыз жүргүртүүсүнөн алынган кирешеси 25 миллион 850 миң сомду түзмөк.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголду.

Photo 306381

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана республиканын аймагына өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизатты алып келүүчү каналдарды жабуу боюнча мекемелер аралык кошумча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18