13:58, 28 августа 2023, 24.kg

Бишкекте Палестинанын элчилиги ачылат

Кыргызстан менен Палестинанын ТИМ башчылары Бишкекте Палестина элчилигин ачуу тууралуу макулдашты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул процессте Палестина тарапка керектүү жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Ошол эле, кыргыз тарап өз элчиликтеринин бирин айкалыштыруу жолу менен Палестинада аккредитациялоону көздөөдө.

Мындан тышкары, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эл аралык жана аймактык күн тартибинин актуалдуу маселелери, анын ичинде Палестина, Афганистан жана башка өлкөлөрдөгү кырдаал боюнча пикир алмашуу болду.

Кыргыз тарап боордош Палестина элин эл аралык аренада колдоо жана эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринин жана нормаларынын, БУУнун жана ИКУнун тиешелүү резолюцияларынын негизинде Палестина-Израиль жаңжалын адилет жана тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча милдеттенмени баса белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18