14:15, 25 августа 2023, 24.kg

1-сентябрдан баштап кыргыз-өзбек чек арасынан ID-карта менен өтүүгө болот

1-сентябрдан тартып Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары чек арадан ID-карта менен өтө алышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта 2023-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган 2006-жылдын 3-октябрындагы жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун практикалык ишке ашырылышынын башталганы айтылат.

Протоколго ылайык, Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары башка жол жүрүү документтери менен бирге эки мамлекеттин аймагына кирүү, чыгуу, жүрүү жана убактылуу болуу үчүн ID-картасын колдоно алышат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18