11:23, 25 августа 2023, 24.kg

УКМК Олжобай Шакирдин иши боюнча маалымат берди

О.Э. аттуу жаранга Кылмыш-жаза кодексинин «бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыкка чакыруу» беренеси боюнча айып тагылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, О.Э. аттуу жаран социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу катары өзүнүн баракчаларына бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыкка чакырган билдирүүлөрдү жарыялап турган.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө О.Э. нын сөздөрүндө массалык башаламандык уюштурууга, ошондой эле бийликти күч менен басып алууга жана конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө чакырыктар бар экендиги жөнүндө эксперттик корутунду алынган. Козголгон кылмыш ишинин алкагында О.Э. аттуу жаран кармалып, андан кийин УКМКнын тергөө абагына киргизилди», — деп билдиришти мекемеден.

Билгилей кетсек, сөз журналист Олжобай Шакир тууралуу болуп жатат (паспорт боюнча Олжобай Эгембердиев).

Эске салсак, журналист Олжабай Шакирди УКМКнын кызматкерлери кармашкан. Ал укук коргоо органдарынын кызматкерлерине активдүү баш ийбөөгө чакыруу, массалык башаламандык жана бийликти басып алууга аракет жасаган деп айыпталууда.

Буга чейин Олжобай Шакир жарандарды митингге чыгууга чакырган. Ал 31-августта нааразылык акциясын уюштурууну демилгелеп жаткан. Журналист Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Өзбекстанга өткөрүп берүүгө каршы экенин билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18