10:02, 25 августа 2023, 24.kg

Журналист Олжобай Шакир эки айга камалды

Бишкектин Биринчи май райондук соту журналист Олжабай Шакирдин бөгөт чарасын карады.

Адвокат Бакыт Автандилдин айтымында, сот журналистти 20-октябрга чейин камакка алды.

«Журналист УКМКнын тергөө абагында кармалат. Биз соттун чечими негизсиз жана мыйзамсыз деп эсептейбиз. Олжобай Шакир өзү сотто бийликти кулатууга аракет кылбаганын, болгону тынч митингге чыгууга чакырганын айткан. Биз соттун чечимин жогорку инстанцияга даттанабыз», — деди Бакыт Автандил.

Эске салсак, журналист Олжабай Шакирди УКМКнын кызматкерлери кармашкан. Ал укук коргоо органдарынын кызматкерлерине активдүү баш ийбөөгө чакыруу, массалык башаламандык жана бийликти басып алууга аракет жасаган деп айыпталууда.

Буга чейин Олжобай Шакир жарандарды митингге чыгууга чакырган. Ал 31-августта нааразылык акциясын уюштурууну демилгелеп жаткан. Журналист Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Өзбекстанга өткөрүп берүүгө каршы экенин билдирген

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18