16:10, 24 августа 2023, 24.kg

Виза үчүн 4 миң доллар алган. Пакистандын жараны алдамчылык үчүн кармалды

Бишкекте Пакистандын жараны алдамчылык үчүн кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-августта милицияга Пакистандын жараны кайрылган. Ал мекендеши Кыргызстанга чакырып, жумушчу визасын алып берүүнү убада кылганын айткан. Бул үчүн ал 4 миң доллар алган.

Photo 306050

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «алдамчылык» менен кылмы иши козголду.

Шектүү катары 33 жаштагы Пакистандын жараны кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18