10:01, 24 августа 2023, 24.kg

Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата Бишкекте эл аралык кинофестиваль өтөт

Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата Бишкекте эл аралык кинофестиваль өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара 17-21-ноябрга белгиленди. Ал «улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү чаралары жана Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо системасын андан ары өркүндөтүү жөнүндө» президенттин жарлыгынын негизинде өткөрүлүүдө.

Кинофестивалдын программасы төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • эл аралык кино конкурсу;
  • улуттук тасмалар сынагы;
  • атайын көрсөтүүлөр;
  • кинодолбоорлордун презентациясы

Жеңүүчүлөргө Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык, Бишкек мэриясынын, Эл аралык кинопресса федерациясынын , Азия киносун жайылтуу тармагынын жана КРдин кинематографисттер союзунун сыйлыктары тапшырылат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18