09:39, 24 августа 2023, 24.kg

Журналист Олжобай Шакир 48 саатка камалды

Журналист Олжобай Шакир 48 саатка камалды. Бул тууралуу анын адвокаты Бакыт Автандил билдирди.

Анын айтымында, журналист жапырт башаламандыкка чакырууга, бийлик өкүлдөрүнө жигердүү баш ийбөөгө чакырууга айыпталып жатат.

«Бул негизсиз айыптоолор. Олжобай Шакир тезинен бошотулууга тийиш. Эртең Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бөгөт чарасы каралат. Кандайдыр бир экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгынан кийин Олжобай Шакирге кылмыш иши козголгон», — деди Бакыт Автандил.

Белгилей кетсек, 23-августта журналист Олжобай Шакир УКМКга суракка алынып келингени белгилүү болду. Буга чейин ал жарандарды митингге чыгууга чакырган. 31-августта нааразылык акциясын уюштурууну демилгелеп жаткан. Журналист Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Өзбекстанга өткөрүп берүүгө каршы экенин билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18