14:13, 23 августа 2023, 24.kg

Окуучулар эми башка класска өтүп жатканда мамлекеттик тилге экзамен тапшырышат

Эми окуучулар башка класска өтүп жатканда мамлекеттик тилге экзамен тапшырышат. Бул тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозобекова журналисттерге билдирди.

Ал «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын 17-беренесине шилтеме берди. Анда жалпы билим берүү уюмдарында (мектептерде, лицейлерде, гимназияларда) класстан класска өтүү үчүн жазуу жана оозеки экзамендери, ал эми башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында кыргыз тилинен кирүү жана бүтүрүү экзамендери милдеттүү түрдө киргизилип жатканы айтылат.

Угуусу начар балдарды окуткан адистештирилген мектептерде орусча жаңсоо тилинде окутууга уруксат берилет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18