12:21, 21 августа 2023, 24.kg

Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон иш сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кыргыз-венгер стратегиялык өнөктөштүгүнүн маселелерин, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүнү талкуулады.

Ошондой эле, чет өлкөлөрдүн башка лидерлери менен бирге Венгриянын улуттук башкы майрамын белгилөө иш-чараларына жана жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатынын эркектер арасындагы жарышынын финалына катышты.

Мамлекет башчысы 21-августта Бишкек шаарына кайтып келди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18