11:01, 21 августа 2023, 24.kg

Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери консультативдик жолугушууга чогулушат

Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери Душанбеде консультативдик жолугушууга чогулушат. Тажикстандын Тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин билдиргендей, аймактагы мамлекет башчыларынын жолугушуусу 14-15-сентябрга белгиленген.

Бул жолугушууда маанилүү документтерге кол коюлат. Алардын ичинен эң маанилүүсү өлкөлөрдүн лидерлери бекиткен жыйынтыктоочу декларация болот.

Ошондой эле, Душанбеде транспорт тармагын жана жаштар саясатын камтыган дагы эки макулдашууга кол коюлат.

Тажикстандын ТИМи Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин консультативдик жолугушуусунда дагы 12 кошумча иш-чара өткөрүүнү сунуш кылганын белгиледи. Алардын арасында экономикалык форум, окумуштуулар жыйыны, маданий иш-чаралар жана бардык беш мамлекеттин салттарын чагылдырган улуттук тамактардын көргөзмөсү бар.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18