09:27, 21 августа 2023, 24.kg

«Луна-25» станциясы айдын бетине кулап түшкөнү болжолдонууда

«Роскосмос» «Луна-25» планеталар аралык автоматтык станциясы менен байланыш үзгүлтүккө учураганын жана аппараттын кайда жүргөнү белгисиз экенин билдирди.

Ведомство «космостук аппарат эсептелбеген орбитага өтүп кетип, айдын бети менен кагылышып, жок болушу мүмкүн» деп божомолдоодо.

Мындан бир күн мурда «Роскосмос» коно турган орбитага өтүү учурунда «Луна-25тин» бортунда адаттан тыш кырдаал жаралганын жарыялап, бирок чоо-жайын ачыктаган эмес.

Аталган департамент станциянын кыйрашын иликтей турган комиссия түзүүдө.

11-августта Амур облусундагы «Восточный» космодромунан «Луна-25» планеталар аралык станциясы учурулган. Бул Орусиянын жаңы тарыхындагы айга жөнөтүлгөн алгачкы миссия болгон. Буга чейинки «Луна-24» станциясы 1976-жылы Советтер Союзу тарабынан учурулган.

Автоматтык станция айдын бетинде узак мөөнөттүү изилдөөлөрдү жүргүзүүгө тийиш болчу. Мындан тышкары жердин спутнигинин түштүк уюлуна жумшак конуу технологиясын иштеп чыгышы керек эле.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18