09:19, 21 августа 2023, 24.kg

Көк бөрү боюнча Дүйнө кубогунда Кыргызстандын «Ынтымак» командасы жеңүүчү болду

«Ынтымак» командасы Чолпон-Ата шаарында өткөн көк бөрү боюнча биринчи Дүйнө кубогун утту.

Финалда Кыргызстан Казакстандын командасы «Астана» менен ойноп, 10:1 эсебинде жеңишке ээ болду.

«Ынтымак» командасы 2 миллион сомго сертификат алды. Ал эми «Астана» бир миллион сомго сертификат жана күмүш медалдын ээси болсо, дагы бир кыргызстандык тайпа «Достук» 800 миң сом жана турнирдин коло медалын багындырды.

Ошондой эле, Биринчи лиганын жеңүүчүлөрү «Жаштык» командасынын мүчөлөрү болду.

Мелдешке АКШ, Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Ооганстан жана Кыргызстандын командалары катышып, жалпысынан 8 өлкөдөн 12 команда ойноду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18