11:26, 18 августа 2023, 24.kg

Жалал-Абадда жаранды мыйзамсыз кармап, акча опузалашкан. Шектүүлөр кармалды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда адамды тоноого жана эркиндигинен мыйзамсыз ажыратууга шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 16-августта Ош облусунун К. уулу Т. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал 7-августтан 8-августка караган түнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунда төрт бала аны уруп, күч колдонуп автоунаага салып, 3500 сом акчасын тартып алышканын билдирген. Андан соң 13-августка чейин бейтааныш үйдө мыйзамсыз коркутуп, акча талап кылуу менен ур-токмокко алышкан.

Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 206-берененин (Тоноо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Жала-Абад облусунун тургундары 21 жаштагы С.Б., 24 жаштагы М. уулу А. жана 23 жаштагы А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Photo 305466

Учурда кармалган жарандардын башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу текшерилүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18