10:39, 18 августа 2023, 24.kg

Оштун тургуну Шавкат Мирзиеевге жардам сурап кайрылды

Ош шаарынын тургуну Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевге видео кайрылуу жасап, шаарга келүүсүн суранды. Видео социалдык тармактарга жарыяланган.

«Менин урматтуу Шавкат Миромоновичке өтүнүчүм бар. Ошко келишиңизди суранабыз. Жүрөгүбүзгө толуп кетти. Ачыгын айтсам, айласыздыктан. Он-Адырга келип, тарыхта кала турган нерсени жасасаңыз жакшы болмок. Бардыгын ачык айтмакпыз. Бизге кам көрүшпөйт, документтер, жолдор каралбайт. Улутчулдук чектен ашып кетти. Мүмкүн бул жөнүндө билесиз. Документтерге атайын ката жазышат. Бизди шылдыңдашат. Азыркы күндөрдө ушундай болуп жатат», — деди түштүк борбор калаанын тургуну.

Ош шаардык ИИБнин маалыматына ылайык, кайрылуу жасаган 60 жаштагы киши Амир-Темир микрорайонунун тургуну. Ал шаардык милицияга алынып келинип, кайрылуу жасоосунун себептери суралды. Видеодогу көрсөтүлгөн фактыларды аныктоо үчүн жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте тиешелүү иш чаралар аткарылып жатат.

Андан тышкары, анын сөздөрү канчалык мыйзамдуу экендигин териштирүү боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалат жана кайрылуу жолдогон жаранга юридикалык баа берилет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18