24.kg
15:51, 23 июня 2021, 24.kg

Өзбекстан өкмөтү Coca-Cola компаниясындагы үлүшүн сатат

Өзбекстан өкмөтү Coca-Cola ишканасындагы өз үлүшүн сатууга аракет жасоодо.

Өлкөдө Coca-Cola компаниясынын франшизасынын мамлекеттик үлүшү сатыкка коюлду. Бул акыркы жылдардагы эң ири инвестициялык аукцион болуп калышы ыктымал.

Франшиза 34 миллион калкы бар Өзбекстандагы алькоголсуз ичимдиктер рыногунун дээрлик жарымын ээлейт.

Аукциондун катышуучуларынын кыска тизмесине президент Шавкат Мирзиёевге тиешеси бар компания да кирди.

Бул арада бир канча жылдан бери бул компанияга катыштуу соттук териштирүү маселеси да бар. Вашингтондогу ири лоббистик фирма жана өзбек-америка үй-бүлөсү өзбек өкмөтү анын 300 миллион доллардан ашык үлүшүн тартып алган деп эсептейт.

Өзбек-америка биргелешкен The Coca-Cola Bottlers Uzbekistan LTD компаниясы 1993-жылы өзбек тектүү америкалык бизнесмен Мансур Максуди тарабынан негизделген. Бул компания түптөлгөнгө чейин Мансур Максуди Өзбекстандын биринчи президентинин тун кызы Гулнара Каримовага үйлөнгөн.

Мансур Максуди 2001-жылы Каримова менен ажырашкандан кийин Өзбекстанда аларга каршы кампания башталганын, Максудилердин завод-фабрикалары мыйзамсыз жол менен тартып алынганын белгилеп жүрөт.

Коррупцияга айыпталган Гүлнара Каримова азыр Ташкенттин алдындагы аялдар түрмөсүндө жазасын өтөп жатат. Гүлнаранын Мансур Максудиден Ислам жана Иман деген уул-кызы бар, алар Лондондо жашашат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18