24.kg
12:16, 23 июня 2021, 24.kg

Бишкекте өзбек өндүрүшүнөн чыккан автобустар жүрө баштады

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов 22-июнда, «Биринчи радиого» курган маегинде борбор калаага Өзбекстандан чыгарылган 50 автобус келгенин кабарлады.

Анын маалыматына караганда, бул автобустар 22-июндан тартып 1-июлга чейин элди бекер ташыйт.

«Автобустар шаардагы беш линияга кирип жатат. Элди көндүрүү максатында жүргүнчүлөрдү убактылуу бекер ташып турат», — деди Кудайбергенов.

Кыргыз өкмөтү Өзбекстандын «Самарканд-авто» заводу менен «Исузу» маркасындагы 350 автобусту алуу боюнча келишимге кол койгону кабарланган. Автобустардын экинчи партиясы октябрга чейин келери күтүлүүдө.

Учурда Бишкекте мэрияга караштуу транспорт ишканасынын 140 троллейбусу, 110 автобусу иштейт. Мындан сырткары жеке фирмалардын 20га жакын автобусу эл ташыйт.

Расмий маалыматка ылайык, шаардыктарга ыңгайлуу шарт түзүп берүү үчүн Бишкекке кеминде миңге жакын автобус керек.

Борбор калаада муниципалдык троллейбустар менен автобустардан тышкары жүргүнчүлөрдү 41 жеке компаниянын кичи автобустары (маршруткалар) тейлейт. Бир күндө жолго мындай автобустардын миңге жакыны чыгат.

Учурда кичи автобустардын жол киреси — 10 сом, автобус менен троллейбустардыкы — 8 сом.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18