24.kg
09:55, 21 июня 2021, 24.kg

Өзбекстанда Жаңы Анжиян шаарынын курулушу башталды

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Анжиян районунда жаңы шаардын пайдубалын түптөө аземине катышты.

Расмий маалыматка караганда, Жаңы Анжиян долбоору түрк адистери менен биргеликте иштелип чыккан.

Жаңы Анжиян Анжияндан анча алыс эмес жердеги дөңсөөдө курулат. Ал дээрлик 130 миң батирден турган көп кабаттуу үйлөрдөн турат. Шаар 450 миң кишиге эсептелген. Жалпы аянты төрт миң гектер, анын ичинен эки миңин турак жайлар, социалдык объектилер, өндүрүш зоналары, кызмат көрсөтүү объектилери ээлейт.

Шаарды 2021-2041-жылдары 8 айлампа менен куруу пландалууда. Быйыл Реконструкция жана өнүгүү фондунан 100 млн доллар бөлүнөт. Биринчи этапта инфраструктуралык объектилер – жол, электротүйүндөр курулуп, газ кууру тартылат. Мындан тышкары 170 көп кабатуу үй, мектеп, бала бакча жана бейтапкана салуу да пландалууда.

 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18