24.kg
12:04, 18 июня 2021, 24.kg

Саламаттыкты сактоо дүйнөлүк уюму аялдарга ичимдик ичүүгө тыюу салууну сунуштайт

Саламаттыкты сактоо дүйнөлүк уюму аялдарга ичимдик ичүүгө тыюу салууну сунуштайт. Бул тууралуу ичимдик менен күрөшүү боюнча 2022-2023-жылга карата башкы пландын долбоорунда айтылат.

Анда калк арасында спирт ичимдиктеринин зыяндуулугу тууралуу маалымдоо иштери жүрүшү зарылдыгы айтылат. Айрыкча балдар, кош бойлуу аялдарга көңүл бөлүу зарылдыгы белгиленет.

Кош бойлуу кезинде спирт ичимдиктерин ичүү баланын саламаттыгына терс таасирин тийгизип, эненин психологиялык абалына таасир берери маалымдалат.

Саламаттыкты сактоо уюмунун пикиринде, аялдарга спирт ичимдиктеринен толук баш тартуу жакшы тандоо болуп саналат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18