24.kg
10:43, 18 июня 2021, 24.kg

Алматыда калктын 30 пайызында жамааттык иммунитет пайда болору айтылууда

Алматы шаарынын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин июлдун аягына чейин Казакстандагы эң ири калаада коронавируска каршы жамааттык иммунитет 30 пайызга жетерин божомолдоду.

«Алматыда коронавирус маалында элде иммундук катмар калыптанды. Азыр алматылыктардын 23 пайызынын коронавируска каршы иммунитети бар: 18 пайызы вакцина алган, 5 пайызы ооруп айыккан. Июлдун аягына чейин (жамааттык иммунитет) 30 пайыз болот деп ойлойм», — деди Жандарбек Бекшин.

Алматыда 16-июнга карата 357 299 киши вакцина алды. Ай башында Бекшин шаарда жамааттык иммунитет 21 пайызды түзгөнүн кабарлаган. 2020-жылы декабрда ал Алматы жашоочуларынын 55-56 пайызында жамааттык иммунитет пайда болгонун айткан эле. Анда иликтөөгө беш миң киши катышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18