24.kg
11:41, 17 июня 2021, 24.kg

Кыргызстанга «Спутник V» вакцинасынын кезектеги партиясы келет

Бүгүн, 17-июнда, Кыргызстанга «Спутник V» вакцинасынын 80 миң дозасы келет. 40 миң кишиге эсептелген Орусиянын препоратын сатып алууга мамлекеттик бюджеттен акча бөлүндү. Бул тууралуу республикалык иммунопрофилактика борбору билдирди.

«Бүгүн Орусиядан «Спутник V» вакцинасы келет. Мындан тышкары Кытайдын Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы 20-июнда келиши күтүлүүдө», — дешти борбордун кызматкерлери.

Ушул күндөрү Кыргызстанда 90 миңден ашык киши эмдөөдөн өттү. Март айынын этегинде башталган бул өнөктүктө гуманитардык жардам катары берилген Кытайдын Sinopharm жана Орусиянын «Спутник V» вакциналары колдонулду.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18