24.kg
11:39, 17 июня 2021, 24.kg

Президент аппаратынын мурдагы жетекчи орунбасары Алмамбет Салиев кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиевдин мыйзамсыз байыганы тууралуу фактылар аныкталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, Салиев бул кызматта иштеп турганда мурдагы президенттин кызматтык артыкчылыктарын пайдаланып, мамлекеттик түзүмгө зыян келтирип, укук коргоо жана мамлекеттик органдардын, сот системасынын ишине активдүү кийлигишкен.

Алмамбет Салиев мамлекеттик кызматта иштеген мезгилде, аффилирленген жактарга каттоодон өтүп, өзүнүн расмий кирешесинен кымбат мүлктү сатып алгандыгы аныкталган. Ушундай жол менен алынган чоң каражатты көп кабаттуу үйлөрдү жана башка соода объектилерин куруу үчүн курулуш компанияларынын бирине жумшаган. Атайын кызмат ал компаниянын атын атаган эмес.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18