24.kg
09:13, 17 июня 2021, 24.kg

Бишкектеги көңүл ачуучу жайлардын иштөөсүнө чектөө киргизилет

17-июндан тарта Бишкектеги көңүл ачуучу жана тамактануучу жайлардын иштөөсүнө чектөө киргизилет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу түнкү клуб, ресторан, кафе, тез тамактануучу жай, караоке жана барлар кечки саат 23:00дөн таңкы саат 07:00гө чейин иштебейт. Чектөө соода түйүндөрдөгү көңүл ачуучу жайларга да тиешелүү.

Ал эми тамак-ашты үйгө жеткирүү кызматы мурунку режимде ишин уланта берет.

Белгилей кетсек, убактылуу киргизилип жаткан санитардык эрежелердин сакталышы боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлүп турат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18