24.kg
17:46, 16 июня 2021, 24.kg

ИИМ: Орхон Инанды Түркия, Грузия, Казакстан, Чехиянын чегин кесип өткөн эмес

«Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхон Инанды Түркия, Грузия, Казакстан, Чехия, Румыния жана Ооганстандын чегин кесип өткөн эмес. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеңеште билдирди.

Анын айтымында, Орхан Инанды бул өлкөлөргө кирген эмес. Калган өлкөлөрдөн жооп күтүлүүдө.

«Ал Кыргызстандан чыгып кете элек. 2018-жылы Түркия Орхон Инанды боюнча суроо жөнөткөн. Анда биз берген эмеспиз. Баардык кагаздар Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн», — дейт Нурбек Абдиев.

Эскерте кетсек, Орхон Инанды 31-майда жолугушууга барарын айтып үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра келген эмес. Ошол эле күнү анын уунасы үйүнөн алыс эмес жерден табылган. Ал 1995-жылдан бери Кыргызстанда иштейт. 2012-жылы кыргыз жарандыгын алган.

Белгилей кетсек, Түркия бийлиги Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемелеринин мугалимдерин террордук уюмдун мүчөсү катары таанып, кайтарып берүүнү талап кылган

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18