24.kg
16:25, 16 июня 2021, 24.kg

Жол оңдоо. Бишкектеги Месарош көчөсүнүн бөлүгү жабылат

Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча, 19-июндан баштап Месарош көчөсү Ден-Сяопин проспектисинен Жамгырчинов көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо үчүн жабылат.

Оңдолуучу бөлүктүн узундугу 600 метрди түзөт. Оңдоп-түзөөдөн кийин унаа жолунун туурасы 11,5 метрди түзүп, сугат арыктары орнотулуп, 1,5 — 2,25 метрлик тротуар төшөлөт.

Оңдоо иштерин ушул жылдын сентябрь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Чеч-Төбө жана Селсовет көчөлөрүн альтернативалык каттам катары кароого болот.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана айдоочулардан алдын ала жол тандап алууларына суранат.

Photo 215975

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18