24.kg
16:15, 16 июня 2021, 24.kg

Коронавирустан улам жабылган өзбек-тажик чек арасы ачыла элек

14-июнда Тажикстандын түрдүү аймактарынан топтолгон ондогон жүргүнчү тажик-өзбек чек арасындагы «Фетохобод» өткөрмө бекетине келип, чек арадан өтө албай калышты.

Өзүн Комилжон деп тааныштырган тургун төрт күндөн бери чек арадан өтө албай жатканын билдирди. «Мен Өзбекстанга барып үйлөнөйүн дегем, бирок чек арадан өтө албай турам», — деди ал.

Эки жума мурда Тажикстанга барган Обижон Отабоев аттуу жаран колунда бардык документтери бар экенине карабай, кайра Өзбекстандагы үй-бүлөсүнө кайта албай жатканын айтууда.

«Мен өзүм тажик жаранымын, аялым өзбекстандык. Колумда бардык керектүү документтер бар. Бирок Өзбекстанга учак менен гана өтө аларымды айтып жатышат. Эмнеге мындай талап коюлуп жатканын эч ким түшүндүрүп бере албай жатат», — деди Отабоев.

Бүгүнкү күндө өзбек-тажик чек арасынан Орусиянын гана жарандары өтө алышат. Мындан тышкары Өзбекстан тараптан чакыруусу бар жана тажик бийлиги өлкөдөн чыгууга уруксат берген жарандар чек арадан өтсө болот.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Өзбекстан менен Тажикстан чек араларын былтыр март айында жабышкан. Тажик жарандары Өзбекстан президенти 11-июнда Душанбеге барып кеткенден кийин эки өлкө ортосундагы бардык көзөмөл-өткөрмө бекеттер ачылып, коңшу өлкөгө кирип-чыгуу жеңилдейт деп үмүттөнүшкөн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18