24.kg
16:15, 14 июня 2021, 24.kg

COVID-19. Түзүлгөн кырдаал олуттуу кооптонууларды пайда кылууда — Марипов

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча кеңешме өткөрдү. Букл тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.

Марипов белгилегендей, COVID-19 илдетине чалдыккандардын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу кырдаал тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын ишин күчөтүүнү талап кылууда.

«Түзүлүп жаткан кырдаал олуттуу кооптонууларды пайда кылууда. Биз өткөн жылдагыдай каатчылыкка жол бербешибиз керек. Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда эпидемиологиялык абалды кармап туруу жана турукташтыруу боюнча ишти күчтөндүрүү зарыл. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги калкка тийиштүү медициналык-санитардык көмөк көрсөтүү, коронавирус инфекциясына чалдыккан бейтаптарды дарылоо үчүн стационардык мекемелердеги негизги жана резервдик орундардын, ошондой эле дары-дармектердин жетиштүү өлчөмүн камсыздоо маселесин өзгөчө көзөмөлдө кармоосу тийиш», — деди ал.

Улукбек Марипов коронавирус инфекциясына каршы вакциналарды жеткирүү жана вакцинациялоо темптерин ыкчамдатуу боюнча ишти тездетүү зарыл экендигин баса белгиледи.

«Жакын арада өлкөгө Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы жана «Спутник V» вакцинасынын 80 миң дозасы келет. Тармактык мамлекеттик органдар өлкөгө вакциналардын өз учурунда жеткирилишин камсыздоо маселесин үзгүлтүксүз көзөмөлдөп туруусу тийиш. Биз үчүн калкты вакцинациялоо темпин жогорулатуу абдан маанилүү», — деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18