24.kg
10:02, 14 июня 2021, 24.kg

Азербайжан 15 армян туткунун мина талааларынын картасына алмашты

Азербайжандын бийлиги армениялык 15 аскердик туткунду Тоолуу Карабактагы мина талааларынын картасына алмаштырганын билдирди. Бул маалыматты Армениянын премьер-министринин милдетин аткаруучу Никол Пашинян да ырастады.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, армян тарап берген карталар Тоолуу Карабактын Агдам районундагы 100 миңге жакын мина коюлган аянттарды көрсөтүп турат.

Былтыр күзүндө алты жумага созулган согуш маалында азери армиясы колго түшүргөн Армения аскерлеринин жана жарандарынын саны белгисиз бойдон калууда.

Март айында Адам укуктары боюнча Европа соту Азербайжанда Армениянын 249 жараны туткунда кармалып турганын кабарлаган.

Буга чейин расмий Ереван Арменияга 69 аскердик туткун кайтарылганын билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18