24.kg
09:49, 14 июня 2021, 24.kg

Тажикстанда бир үй-бүлөдөгү төрт кишини өлтүрүп кетишти

Тажикстандын түштүгүндөгү Жайхун районунда бир үй-бүлөдөгү төрт кишини, анын ичинде үч баланы өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу «Озоди» радиосу райондук милиция бөлүмүндөгү өз булактарына шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, кылмыш 12-июнь күнү эртең менен Жайхун районундагы Таргок айылында болгон.

Жергиликтүү тургундар көз жумган кишилердин саны төрттөн көп болушу мүмкүн экенин билдиришүүдө.

«Алардын баары тең балта менен өлтүрүлгөн. 39 жаштагы үй ээси фермер болгон. Азыр аймакта милиция кызматкерлери өтө көп жүрөт. Айыл курчоого алынды, эч кимдин чыгышына жана кирише уруксат жок», — деди тургундардын бири.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) аталган аймакта мындай кылмыш болгонун ырастап, бирок анын чоо-жай тууралуу кийинчерээк маалымат бериле турганын билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18