24.kg
19:58, 11 июня 2021, 24.kg

Улукбек Марипов Чүй облусунун бир катар өнөр-жай ишканаларын кыдырды

Улукбек Марипов Чүй облусунун бир катар өнөр-жай ишканаларын кыдырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал эл аралык стандарттардын талабына жооп берген металлдан, чоюндан, болоттон жана жана жүк ташуучу чиркегичтерден буюмдарды чыгаруучу заводдун иши менен таанышты.

Жакын арада завод электр жана электрогибрид шаардык жапыз автобустарды кураштырып өндүрүп баштоону пландаштырууда.

Улукбек Марипов Бишкек шаарынын мэриясына аталган автобустарды сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

Андан соң Марипов 2019-жылдын соңунан тарта токтоп турган мунайды кайра иштетүүчү «Джунда» заводунун абалы менен таанышты.

Тармактык мамлекеттик органдарга ишкананы үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына карата ишке берүүгө көмөк көрсөтүүсү тапшырылды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18