24.kg
09:40, 11 июня 2021, 24.kg

Өзбекстан-Тажикстан чек арадагы кызматташтыкты бекемдейт

Өзбек президенти Шавкат Мирзиеевдин Тажикстанга расмий сапарынын жүрүшүндө биргелешкен 36 документке кол коюлду.

Арасында өнөр жай жана жаңы технологиялар тармагындагы кызматташуу, тажик-өзбек инвестициялык компания түзүү, өзбек аймагы аркылуу транзиттик жүк ташуу тууралуу келишимдер, айыл-чарба тармагындагы кызматташуу тууралуу жол картасы, бир нече меморандум бар.

Мирзиёев Тажикстанга бейшембиде барды. Аны Дүйшөмбү аэропортунда мамлекет башчы Эмомали Рахмон тосуп алды.

Лидерлер эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн тереңдетүү маселесин талкуулашты.

Рахмон эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык, маданий жана коопсуздук тармактарындагы кызматташтыгынын оң динамикасын белгиледи.

Ал эми өзбек президенти тараптардын алакасы абдан жогорку деңгээлге жеткенине токтолду.

“Тажикстан менен чектешкен бардык район, шаарлардын жетекчилерине чектеш район, шаарлар менен эффективдүү кызматташтыкты орнотуу тапшырмасын бердим. Мындай жол менен президенттер, өкмөттөр, облустар, шаарлар жана райондор ортосундагы кызматташтыкты камсыздай алабыз".

Мирзиёев кол коюлган документтер 2022-жылы ортодогу соода жүгүртүүнүн көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүүгө жол ачарын кошумчалады.

Эки коңшунун мамилеси Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун тушунда салкындап кеткен. 2016-жылы бийликке Мирзиёев келгенден кийин алака-катыш жакшыра баштады.

 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18