24.kg
09:25, 11 июня 2021, 24.kg

Кыргызстан алдыдагы эки жылда 5G технологиясын киргизүүнү пландоодо

Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2023-жылга чейин 5G технологиясын ишке киргизүүнү пландоодо. Бул тууралуу Кыргызстандын санариптик экономикасынын 2021-2023-жылдардагы консепциясында айтылат.

Ведомство ушул тапта 4G түйүндөрүн өнүктүрүү тиешелүү чегине жете электигин, ага карабай улуттук телекоммуникациялык тармак 5G технологиясын ишке киргизүү алдында турганын белгилеген.

«Жаңы технологиялар маалыматты берүүдө кечигүүнүн алдын алып, жасалма интеллектти ишке киргизүүгө жана жайылтууга жардам берет. Анын жардамы менен «акылдуу шаарларды» жана «үйлөрдү» куруу, аралыктан башкарылуучу автоунааларды пайдалануу, мындан тышкары өндүрүштө, кеңселерде, соода борборлорунда, социалдык жана өндүрүш объектилеринде ар кыл процесстерди оптималдаштырууга мүмкүндүк түзүлөт», деп түшүндүрдү министрлик.

2020-жылы коронавирус пандемиясы башталган маалда дүйнөдө «бешинчи муундагы мобилдик байланыш технологиясы же 5G аркылуу илдет таркайт экен» деген имиштер жайылган. Кыргыз өкмөтү бул технология али өлкөдө ишке киргизиле элек экенин тастыктоого аргасыз болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18