24.kg
09:12, 11 июня 2021, 24.kg

Тиллаев: жүк ташуучулардан казак тарап 5 миң долларга чейин талап кылууда

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев өкмөттү Казакстан менен чек арадагы өткөрүү бекеттеринде жүк ташуучу унаалардын кезегине байланыштуу маселени чечүүнү тапшырды. Анын айтымында, казак тарап чек арадан өтүү үчүн кыргыз айдоочуларынан акы талап кылууда.

«Казакстан аркылуу транзитке байланыштуу мага жүк ташуучулар кайрылышты. Алар коңшулар ар бир фура үчүн 4-5 миң доллар талап кылып жатканын айтышууда. Мен ЕАЭБ линиясынын алкагында сүйлөшүү өткөрүүнү сурайм. Силер азыр «Дордой», «Кара-Суу» базарларындагы абалды жакшы билесиңер», — деди Тиллаев 10-июндагы парламенттин жыйынында.

Май айынын аягында «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде Казакстанга кирүү үчүн 80-90 автоунаа кезекте турган күндөр болгон. Чек ара кызматы мындай узун тыгын экономика жанданып, оор жүк ташыгандар көбөйгөнүнө байланыштуу экенин билдирген.

Казакстан аркылуу жүк ташыган кыргызстандык айдоочулардын чек арадан өтүү маселеси 3-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушуусунда да талкууланган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18