24.kg
16:59, 10 июня 2021, 24.kg

Айсулуу Тыныбекова Польшада мелдеште Россиялык атаандашын утуп алды

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Польшада өтүп жаткан күрөш боюнча Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open мелдешинин финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн расмий сайтында айтылат.

Мелдеш 8-13-июнь күндөрү Варшава шаарында өтүүдө.

Тыныбекова 62 кг салмакта алгач россиялык Любовь Овчарова менен килем үстүнө чыгып, аны 14:8 эсебинде утуп алды. Россиялык спортчуну уткандыгы үчүн мелдештин жарым финалына өттү.

Жарым финалда кыргызстандык спортчу россиялык Светлана Липатова менен кармашып, 3:1 эсебинде аны жеңип, мелдештин финалына чыкты.

Эскерте кетсек, эки спортчу тең 2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18