24.kg
12:35, 10 июня 2021, 24.kg

Садыр Жапаров Түркиядан Кыргызстандын коргоонуу күчүн бекемдөөгө жардам сурады

Кыргызстан менен Түркия эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында коопсуздук жаатындагы кызматташуусун чыңдоосу зарыл. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Анкара шаарында өткөн эки өлкөнүн Стратегиялык кызматташуусунун жогорку кеңешинин 5-жыйынында билдирди.

Президент Садыр Жапаров эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттарына токтолуп, саясий диалогду жана аскердик чөйрө менен коопсуздук боюнча өнөктөштүктү улантуунун маанилүүлүгүнө белгиледи.

Бул багытта ал кибер кылмыштуулукка, котрабандага, баңги заттарды, курал-жарак жана адам сатууга, мыйзамсыз миграцияга жана терроризмге, ошондой эле эл аралык коомчулукка жана коопсуздукка жаңы коркунучтарды туудурган улуттар аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы турууга чечкиндүүлүгүн билдирди.

Мындан сырткары, Садыр Жапаров Борбор Азиядагы региондук коопсуздукту чыңдоонун жана бул себептен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн материалдык-техникалык базасын модернизациялоо жана ошондой эле коргонуу дараметин бекемдөө боюнча биргелешкен иштерди күчөтүү үчүн ырааттуу аскердик-техникалык жардам көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18