24.kg
09:31, 10 июня 2021, 24.kg

Өзбекстанда полиция ондогон кишинин сакалын күчтөп алдыртты

Өзбекстандын Ташкент облусундагы Ангрен шаарында полиция ондогон динчил эркектин сакалын күчтөп алдыртты.

Шаар тургундарынын бири «Азаттыктын» өзбек кызматына аны жана башка ондогон эркекти полицияга чакырып, сакалын алууга мажбурлашканын 8-июнда айтып берген.

"Эгер баш тартсак, күч менен өзүлөрү кырып саларын эскертишти. Сакалыбызды алгыча жана алгандан кийин сүрөткө тартып алышты",-деди ал.

Ангрен шаардык полициядан бул тууралуу комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Соңку жылдары полиция 32 миллион калкы бар Өзбекстанда эркектердин узун сакалдарын күчтөп алдыртууну ислам радикализмине каршы күрөшүү аракети катары түшүндүрүп келет.

Былтыр жарыяланган АКШнын Мамдепартаментинин баяндамасында Өзбекстанда дин тутуу эркиндигин чектеген учурлар дагы эле кездешери белгиленген. Мисал катары эркектерди сакалдарын алууга мажбурлоо, аялдарга хижаб кийүүгө уруксат берилбеши жана окуу жайларга жоолукчан студент кыздарды киргизбей коюу өңдүү көрүнүштөр келтирилген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18