24.kg
13:58, 09 июня 2021, 24.kg

Садыр Жапаров жубайы менен Анкара шаарына учуп келди

Президент Садыр Жапаров Анкара шаарына келди. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди.
 
Мамлекет башчысынын учагы «Эсенбога» эл аралык аэропортуна конуп, Садыр Жапаровду траптан Түркия Республикасынын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой тосуп алды.
 

Эл аралык аэропорттун флагштокторунда Кыргызстан менен Түркиянын мамлекеттик туулары илинген, килемчелер төшөлүп, ардактуу кароолдун ротасы тизилген.
 
Эске салсак, иш сапарынын алкагында Мамлекет башчысы Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушат жана эки өлкөнүн бизнес форумуна катышат, ошондой эле Анкарада иштеп жүргөн мекендештер жана окуп жаткан студенттер менен баарлашат.
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18