24.kg
09:59, 09 июня 2021, 24.kg

Түрк элчилиги Орхан Инандынын аялынын билдирүүсүн четке какты

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын аяля Рейхан Инандынын билдирүүсүн четке какты. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев билдирди.

Анын маалыматында, түрк элчиси менен жолугушуу болду.

«Түрк элчиси Орхан Инандыны элчиликтин имаратында карап жаткандыгыг тууралуу маалыматты четке какты», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Рейхан Инанды анын жолдошун Түркиянын элчилигинин имаратында кармап турганы боюнча маалымат түшкөнүн жарыялаган.

Эскерте кетсек, Орхон Инанды 31-майда жолугушууга барарын айтып үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра келген эмес. Ошол эле күнү анын уунасы үйүнөн алыс эмес жерден табылган. Ал 1995-жылдан бери Кыргызстанда иштейт. 2012-жылы кыргыз жарандыгын алган.

Белгилей кетсек, Түркия бийлиги Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемелеринин мугалимдерин террордук уюмдун мүчөсү катары таанып, кайтарып берүүнү талап кылган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18